super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

 

Бүгүн, 18-февралда президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууга Италиядан шайланган Жузеппина Принчи, Кьяра Жемма, Германиянын депутаттары Свен Симон, Томаш Фрёлих, франциялык Тьерри Мариани, Юсси Сарамо, Чехиянын депутаты Антонин Станек, Болгариядан барган Кристиан Вигенин катышты.

Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Европа биримдиги жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мамилелерди мындан ары да чыңдоого даяр экенин ырастады. Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин кезектеги жыйынынын өткөрүлүшүн диалогдун негизги жана мазмундуу механизмдеринин бири катары жогору баалады.

Принчи өз кезегинде Садыр Жапаровго меймандостугу жана актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жатканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: