Базарда акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды
Манас шаарындагы базарда акциздик маркасы жок дээрлик 10 миң даана тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу 18-февралда Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.Тактап айтканда, рейд учурунда 9 миң 695 даана тамеки буюмдары, ошондой эле 24 таңгак мыйзамсыз электрондук тамеки жана 33 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки продукциясына окшош заттар (снюс) табылган. Анын жалпы суммасы 1 миллион 163,4 миң сомду түзгөн.
Товарлар мыйзамда белгиленген тартипте алынып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















