Францияда 36 күн тынбай жааган жамгыр тарыхый рекорд жаратты
Францияда 36 күн тынбай жааган жамгыр эң узак мезгили боюнча тарыхый рекорд жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, Францияда 14-январда башталган жамгыр тынымсыз 18-февралга чейин жааган.
Ал эми Франциянын метеорологиялык кызматы буга чейинки рекорд 2023-жылы болгонун, анда октябрь айынан ноябрга чейин 32 күн тынымсыз жамгыр жааганын билдирген. Мындан тышкары, өлкө боюнча катталып жаткан суу ташкындары алдыдагы күндөрдө да уланарын белгилешкен.
Ал эми жергиликтүү бийлик өлкөнүн төрт аймагында суу каптоо коркунучу кызыл чекке жеткенин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:58
2026-02-18
12:04
2026-02-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















