Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол ишке берилди (видео)
Бүгүн, 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркындагы гондоль тибиндеги асма жол ишке берилди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Аталган асма жолдун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.
"Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол паркка келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк. Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык Doppelmayr компаниясы тарабынан курулду. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан Ала-Тоо Resort ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатат",- деген Жапаров.
Асма көпүрөнүн экинчи этабы көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпы 12 чакырым аралыкты камтып, парктын жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин узартылары маалым болду.
"Ала-Арча" жаратылыш паркы
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















