Баары сүйүп жеген пиццалар
Пицца – кандай учур, кандай аба ырайы болбосун бардыгы сүйүп жей берген даам. Үй шартында эле даамы тамактануучу жайлардагыдан кем калышпаган пицца түрлөрүнүн рецебин сунуштайбыз. Рецепттер ашпоз Канимет Жеңишовго таандык. Жасап көрүңүз, сөзсүз окшошот.
Пицца үчүн камыр
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 300 грамм
Зайтун же өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык
Туз – 1 чай кашык
Кумшекер – 0,5 чай кашык
Ачыткы – 1 чай кашык
Кол күйбөгүдөй жылуу суу – 200 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Сууга туз, кумшекерди жана ачыткыны кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт үстүн жаба туруу кажет.
2. Унга майды кошуп, ачыткы кошулган апараны куюп жумшак камыр жууруйбуз. 1-2 саатка ачытуу үчүн жылуу жабабыз. Ачыганда колдоно бересиз.
Пицца үчүн соус
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 2 даана
Пияз – жарым баш
Сарымсак – 1-2 тишче
Томат пастасы – 2 аш кашык
Орегано татымалы – 10 грамм
Кумшекер – 0,5 чай кашык
Өсүмдүк майы – 40 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач соусту даярдап коюу керек. Мискейди отко коюп, май куюп, ысыган соң майда тууралган сарымсакты кууруп, артынан пиязды салып кууруйбуз. Эми орточо тууралган помидорду салып, татымалдарды кошуп, жарым саат отто бышырабыз.
2. Оттон чыгарып, оригано кошобуз. Соусту сүзгүч менен чыпкалайбыз.
Пепперони пиццасы
Керектелүүчү азыктар:
Камыр – 300 грамм
Пицца үчүн соус – 150 грамм
Салями колбасасы – 100 грамм
Моцарелла сыры – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Камырды кол менен тегиз жайып, табага салган соң соус куюп жаябыз. Ичке тууралган колбасаларды коюп, үстүнө сүргүчтөн өткөн сырды себелейбиз да, электр мешине салабыз. Жогорудагы пицца түрлөрүндөй эле 15 мүнөттө бышат.
Тоок этинен пицца
Керектелүүчү азыктар:
Пицца үчүн камыр – 300 грамм
Коюу сүт (20%) – 100 грамм
Тоок эти – 150 грамм
Моцарелла сыры – 80-100 грамм
Шпинат – 5-6 жалбырак
Пияз – 1 кичине баш
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды майда, тоок этин андан чоңураак туурайбыз. Шпинатты жууп, чоң жалбырак болсо 3-4кө бөлүп коюу керек. Шпинат жок болсо тоок этинин өзүнөн эле, же козу карын, жүгөрү кошуп жасасаңыз болот. Сырды сүргүчтөн өткөрөбүз.
2. Көмөч казанга майды куюп, ысыганда пиязды 2 мүнөт кууруп, аркасынан тоок этин салабыз. Ал да 3-4 мүнөт куурулган соң шпинатты кошуп, туз себелеп аралаштырабыз. Коюу сүттү кошуп оттон чыгарабыз. Отко кармаштын кереги жок, сүт бат коюуланып кетет.
3. Тасмалга ундан себелеп, камырды кол менен жукартабыз. Бул пиццага коюу сүт кошулуп жаткандыктан камыр жука болушу керек, болбосо камыр жакшы бышпай калат. Табага пергамент кагазын төшөп, камырды салабыз. Чекелерин имерип, куурмачты салып, сырды себелеп, 200-220 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөт коюп чыгарабыз.
Төрт сыр пиццасы
Керектелүүчү азыктар:
Камыр – 300 грамм
Коюу сүт (20-33%) – 50 грамм
Сыр түрлөрү (моцарелла, сулугуни) – 140 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Ун себелеп, камырды кол менен жукартып жаябыз. Чекелерин калыңча калтырабыз да, табага пергамент кагазын төшөп, камырды салабыз. Алгач коюу сүттү куюп тегиз жайып, үстүнө сүргүчтөн өткөн сыр түрлөрүн себелеп, 200-220 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөт коюп бышырабыз.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















