Министрлик этникалык кыргыздар боюнча маалымат берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2025-жылы "кайрылман" макамын алган этникалык кыргыздардын саны 935 адамды түздү."Кайрылман" макамы атайын кызматтар аралык комиссия тарабынан берилет. Анын курамына УКМК, ИИМ, Эмгек министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү кирет. "Кайрылман" макамын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим министрликке кайрылган күндөн тартып эки айдын ичинде кабыл алынат.
"Кайрылман" макамын алган 935 адамдын ичинен:
- Өзбекстан Республикасы - 66 адам;
- Тажикстан Республикасы - 837 адам;
- Кытай Эл Республикасы - 12 адам;
- Орусия - 9 адам;
- Ооганстан - 10 адам;
- Башка өлкөлөр - 1 адам.
Ал эми 2026-жылдын январь айында 132 адам "кайрылман" макамын алышты.
"Кайрылман" макамына ээ болгон адамдар социалдык жөлөк пулдарды, пенсияларды, медициналык-санитардык жардамды, билим алууну, ошондой эле өлкө аймагында ишке орношуу укугуна ээ. Ага ылайык:
- 13 адам социалдык жөлөк пул алат;
- 19 адам пенсия алат;
- 5 адам жер тилкесине ээ болгон;
- 263 адам медициналык кызматтарды алган;
- 373 адам орто жалпы билим берүүчү мектептерде окуйт;
- 63 адам жогорку окуу жайларында билим алууда;
- 30 адам ишке орношуу боюнча кайрылган, алардын ичинен 11и ишке орноштурулган.
"Кайрылман" күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Бул мезгил ичинде макам ээлери Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев айрым мамлекеттик кызматкерлердин этникалык кыргыз жарандарына жасап жатканын мамилесине нааразычылыгын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:24
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















