super.kg logo

Женевада Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

 

Женевада Орусия, АКШ жана Украина делегацияларынын Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазышты.

Жолугушууда тараптар аймактык маселелерди, энергетикалык ок ​​атышууну токтотуу жана гуманитардык маселелер боюнча талкуулашканы айтылды. Мындан тышкары Орусия менен АКШнын ортосунда экономикалык кызматташуу боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөр да болгон.

Орусия делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский журналисттерге сүйлөшүүлөр татаал бирок максаттуу болгонун айта кеткен.

Белгилей кетсек, жаңы раундагы сүйлөшүүлөр 17-18-февраль күндөрү Женева шаарындагы InterContinental Geneva отелинде өткөн. Ал эми буга чейинки жолугушуулар 4-5-февраль күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: