super.kg logo

Дэниэл Рэдклифф жаңы “Гарри Поттердин” актёрлорун колдоого чакырды

 

“Гарри Поттер” тасмаларындагы башкы каарманды жараткан актёр Дэниэл Рэдклифф жаңы сериалдын жаш актёрлоруна мурдагы курам тууралуу суроолорду бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Variety басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, HBO студиясы тарткан жаңы сериалда Гарри Поттердин ролун Доминик Маклафлин, Гермиона Грейнджерди Арабелла Стэнтон, ал эми Рон Уизлини Аластер Стаут аткарат.

Рэдклифф кастинг жыйынтыгы жарыялангандан кийин күйөрмандар жаш актёрлорду колдоого чакырганын эске салды. Анын айтымында, кино тармагы балдар үчүн катаал болушу мүмкүн.

Эгер чындап эле бул балдарга кам көргүңөр келсе, анда алардан дайыма биз тууралуу — мен, Эмма Уотсон жана Руперт Гринт жөнүндө сурай бербегиле. Мен алардын жашоосундагы түшүнүксүз “арбакка” айлангым келбейт”, — деди актёр.

Ошондой эле Рэдклифф жаңы экранизация “башкача” болорун айтып, Гарринин ролун аткара турган Доминик Маклафлин бул милдетти мыкты аткарарына ишеним билдирди. Ал жаш актёрго кат жазып, ийгилик каалап, бала өзү анын курагында өткөргөндөн да жакшы убакыт өткөрүп жатат деген үмүтүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: