super.kg logo

ТИМ башчысы Европа парламентинин өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады 

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана аймактык күн тартиби боюнча маселелерди талкуулашты.

Министр өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, алардын туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы маанисин белгиледи. Ошондой эле ал ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун тааныштырды.

Жолугушуунун алкагында Кулубаев Европа тараптын алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирип, транспорттук байланыштуулук жана энергетикалык коопсуздук бүткүл аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Жыйын ачык дискуссия форматында уланды. Анда министр европалык депутаттардын суроолоруна жооп берип, экинчи даражадагы санкциялар маселеси боюнча Кыргызстандын позициясын так белгиледи жана өлкө эл аралык милдеттенмелерин сактай турганын ырастады. Ошондой эле Борбор Азиядагы негизги чакырыктар жана демилгелер боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: