Ыйык Орозо айы башталды: Муфтий Абдулазиз Закировдун кайрылуусу

Бүгүн дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталды. Ушул маанилүү күнгө карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Абдулазиз Закиров мекендештерге кайрылуу жолдоду.
Муфтий өз кайрылуусунда мусулмандарды, кыргыз элин жана жалпы адамзатты жаңырган ыйык Орозо айы менен куттуктады.
Анын айтымында, орозо кармоо мусулман адамга Жараткандын бар экенин дайыма эске салып, анын алдында жоопкерчилик сезимин ойготот. Орозо адамдын ички дүйнөсүн тазалап, аны көрктөндүрөт, сабырдуулукка чакырат жана жакшы мамиле жасоого, кайрымдуу иштерге, сооптуу амалдарга үндөйт. Мындан тышкары, такыбалыкты бекемдейт.
"Орозо учурунда мусулман көзүн арам нерседен, кулагын тыюу салынган нерседен, тилин жалгандан сактайт. Ал арам тамак-аштан, жаман иштерден жана ылайыксыз жайлардан өзүн оолак кармайт. Анткени Аллах Таала баарын көрүп, баарын билип турарын аңдайт",- деп белгиленет кайрылууда.
Ошондой эле Мухаммад пайгамбардын хадисин эске салган муфтий, Орозо айында ыклас менен, Кудайдан сооп үмүт кылып орозо кармаган, түнкү намаздарды окуган жана Кадыр түндү ибадат менен өткөргөн адамдын мурунку күнөөлөрү кечирилерин белгиледи.
Кайрылуусунун соңунда муфтий орозо кармаган жамааттын кармаган орозосу кабыл болуусун тиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















