super.kg logo

Муфтият зекеттин өлчөмдөрүн бекитти

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зекеттин өлчөмдөрүн бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Муфтият бир жылдык мөөнөт менен зекет берүүнүн шарияттагы жана учурдагы дүйнөлүк тажрыйбадагы тартиптерин карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кылат:

1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй, зекет өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.

2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир кырктан бир бөлүгү, башкача айтканда 2,5 пайызы берилет.

3. Зекеттин өлчөмү алтын эсебинде 20 (мыскалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. Жыйынтыгында: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 8500 сомдон эсептегенде 722 500 сом болуп, анын кырктан бири 18,062 сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 8261 доллар болуп, анын кырктан бири 206 доллар).

Эскертүү: Бул эсеп ушул күндөгү алтын баасына карап берилди. Баалар инфляцияга байланыштуу өсүп же азайып турат. Ошондуктан ким зекет бере турган болсо, ошол учурдагы базар баасы менен эсептеп чыгарышы керек.

Мал жандыктарынын зекети төмөндөгүчө берилет:

  • Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Колдо багылган топоздор уйдун өкүмүндө.
  • Кой, эчкинин зекети: Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 койго же 40 эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир кой же бир эчки зекет катары берилет.
  • Төөнүн зекети: Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. 10 төөгө жетип калса, эки кой, 15 төөгө жетип калса 3 кой жана башка.
  • Жылкынын зекети: Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен зекет берүү өлчөмүнө жетсе, кырктан бири зекетке берилет.

Эскертүү: Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Муфтият эскерткендей, күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана башка) зекет берилбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: