super.kg logo
  Спорт  

Кышкы Олимпиададагы жүрөк толкуткан учурлардын бири (видео)

 

Италиянын Милан шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарындагы жүрөк толкуткан учурлардын биринин видеосу интернет желесине тарады. 17-февралда бобслей жарышынан кийин 41 жаштагы америкалык бобслеист Элана Мейерс Тейлор тизелеп отуруп, жаңсоо тили менен дүлөй уулуна жеңишке жеткенин түшүндүрдү.

"Апаң жеңди",- деди уулуна спортчу айым.

Видео заматта социалдык тармактарга тарап, кийинчерээк спортчунун эки баласы тең майыптыгы бар экени белгилүү болду.

Элана Мейерс Тейлор бул учурга өмүр бою умтулуп келгенин чет элдик спорт басылмалары жазышууда. Ал алтын алганга чейин коло жана күмүш медалдарын гана жеңип келе жаткан.

  • Ванкувер-2010 - коло;
  • Сочи-2014 - күмүш;
  • Пхёнчхан-2018 - эки күмүш;
  • Пекин-2022 - коло;
  • Милан-2026 - көптөн күткөн алтын.






Кышкы Олимпиададагы эң жүрөк толкуткан учурлардын бири социалдык тармактарда суктануу жаратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: