super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды

 

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Бул тууралуу 19-февралда министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.

Ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.
Касымалиев Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, кече 18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги белгилүү болуп, анын ордуна Жанар Акаев дайындалган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: