super.kg logo

Рамазан айында Beeline'дан түнкү акысыз интернет жана пайдалуу сервистер

 

Рамазан айы келгенде дүйнө өзгөчө жылуулукка, тынчтыкка жана биримдикке толот. Бул мезгилде жакындарыңыз менен байланышта болуу, бири-бириңизди колдоо, руханий өнүгүүгө жана дүйнө таанымды кеңейтүүгө убакыт бөлүү маанилүү. Адамдардын эң негизги нерсеге көңүл буруусун жеңилдетүү үчүн Beeline улуттук мобилдик оператору Рамазан айына карата салттуу акциясын баштады.

19-февралдан 21-мартка чейин Beeline абоненттери «Түнкү чексиздик» кызматын акысыз кошо алышат. Белекти «Мой Beeline» колдонмосунан активдештирип, түнкү саат 1:00дөн таңкы 7:00гө чейин ылдам интернетти чектөөсүз колдонуңуз. Кызматты колдонмодон кайра оңой эле өчүрүүгө болот.

«Түнкү чексиздик» кызматы тариф төлөнгөн учурда гана жеткиликтүү. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин кызмат стандарттык шарттарда иштөөнү улантат — 4 жумага 60 сом. «Бул» тарифтик линиясынын абоненттери «Түнкү чексиздикти» ар дайым бонус катары акысыз кошо алышат.

Түнкү акысыз интернеттен тышкары Beeline орозо кармагандар үчүн ыңгайлуу санариптик чечим даярдады. «Мой Beeline» колдонмосунун башкы бетинде Орозонун онлайн-календары жеткиликтүү. Анда маанилүү учурларды өткөрүп жибербөө үчүн ооз бекитүү жана ооз ачуу убакыттары жөнүндө күнүмдүк эскертмелерди иштетсеңиз болот.

— Бул берекелүү айда ар бириңизге тынчтык, шайкештик, бакубатчылык жана руханий тазалануу каалайбыз, — деди Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Биз үчүн технологиялардын пайда алып келгени маанилүү, айрыкча ушундай маанилүү учурларда. Санариптик мүмкүнчүлүктөр мыкты колдоо болуп, жакшы максаттарга жетүүгө жардам берсин. Ыйык Рамазан айынын башталышы менен!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: