Президент Жумгалбек Шабданбековду УКМКнын төрагасы кылып бекитти
Бүгүн, 19-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол коюп, Жумгалбек Шабданбековду УКМКнын төрагасы кылып бекитти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, атайын кызматтын экс-башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган соң, Шабданбеков төрагалык милдетти аткара баштаган. Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин кечээ, 18-февралда колдоп берди.
УКМКнын жаңы төрагасы кандай кызматтарды аркалаганын бул шилтемеден окуй аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















