АКШ Сирияда калган бардык аскерлерин жана техникаларын чыгарып кетүүдө
АКШ армиясы Сирияда калган 1000дей аскерин жана техникаларын чыгарып кетүүгө даярданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер алдыдагы эки айдын ичинде Сириядан чыгып кетишет.
Буга чейин америкалык аскерлер Сириянын түндүк-чыгышындагы Эль-Хасака провинциясындагы башкы базаны таштап кетишкен соң объектти Сирия армиясы ээлеп, базаны башкарууну өткөрүп берүү америкалык тарап менен макулдашылганы айтылган.
Аскерлерди жана техникаларды чыгаруу аяктагандан кийин Американын Сириядагы он жылга жакын убакыттан бери уланып келе жаткан аскердик үстөмдүгү толугу менен токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















