super.kg logo

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгердин кармалышы боюнча билдирүү таратты

 

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгер-нефрологунун кармалышы боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, иликтөө мыйзам алкагында ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов компетенттүү мамлекеттик органдар менен байланышып, иштин жагдайларын бардык медициналык жана эксперттик корутундуларды эске алуу менен объективдүү, ар тараптуу жана калыс кароо зарылдыгын баса белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам бузууларды жашырууга жол берилбейт, бирок медицина кызматкерлерин негизсиз куугунтуктоого да жол берилбеши керек. Ар бир иш боюнча акыркы чечим фактылардын, далилдердин жыйындысына жана көз карандысыз медициналык экспертизанын жыйынтыгына негизделиши зарыл",- деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 18-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Н.Б. кармалган. Бишкек ШИИББи дарыгер аталган ооруканада мурда дарыланган бейтап баланын энесинин арызы боюнча кармалганын билдирген. Апасы милицияга 2024-жылы 13 жаштагы кызы аталган ооруканада туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө мажбур болгонун айтып кайрылган. Дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: