Бишкекте 7 жаштагы кызга оор жаракат келтирүүгө шектелип машыктыруучусу кармалды (видео)
Бишкекте машыктыруучу 7 жаштагы кызга оор жаракат келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2019-жылы туулган жашы жете элек кызынын машыктыруучусу Э.А.га карата чара көрүүнү суранган. Себеби, 2025-жылдын 24-декабрь күнү машыгуу учурунда денесине залал келтирилгени билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган А.Н. кармалган. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















