super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаевдин ордуна парламентке жаңы депутат келди

 
Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Бул тууралуу маалымат БШК расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, БШК тарабынан бүгүн, 19-февралда Сарыбашовго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.
Айта кетсек, Акаев парламентке №8 округдан шайланып келген. Сарыбашов шайлоодо 8 миң 796 добуш топтоп үчүнчү орунду алган. Округдагы үчүнчү депутаттык орун гендерлик квота боюнча айымдардын арасында эң көп добуш топтогон Нуржамал Төрөбековага берилген.


Сарыбашов 2018-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: