УКМК атайын кызмат тергеген иштерди кайра кароого каршы чыкты
УКМК акыркы беш жылда атайын кызмат тарабынан тергелген бардык кылмыш иштерин карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү сунушуна каршы экенин билдирди.
УКМК белгилегендей, тергөө иштеринин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына гана жүктөлгөн жана сот адилеттигин ишке ашыруу укугу сот органдарына гана таандык.
"Кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жана башка чечимдери Кылмыш-жаза кодексинде каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилип жана кайра каралышы мүмкүн. Ал эми тергөөчүнүн процессуалдык чечимдери көзөмөл органы тарабынан изилденип, жокко чыгарылышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу кылмыш иштерин кайра кароо боюнча кандайдыр бир комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш конституциялык принциптерге каршы келет. Анткени мыйзамдарда тергөө жана сот ишине кийлигишүүгө так тыюу салынган",- деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















