Аялдарга, балдарга жасалган өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир гана жазаны колдонуу сунушталды
Президенттин администрациясы аялдарга, балдарга жана майыптыгы барларга карата жасалган өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте адам өлтүрүү зордуктоо же башка зомбулук менен ишке ашканда жана зордуктоо он төрт жашка толо элек балага же майыпка карата жасалган учурда айыпкерди мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен гана жазалоо каралган.
"Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган балдарга карата зомбулук, зордуктоо менен коштолгон аялдарды өлтүрүү фактылары көнүмүш болуп баратат, коомду бул таң калтырбайт, ошондуктан бул коркунучтуу. Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук жасаган ар бир адам бул коомдон тышкары болуп, эң каардуу жана адилеттүү жазага тартыла турган так чекти белгилөөгө убакыт келди",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.
Эске салсак, президенттин администрациясы өткөн жылдын октябрь айында балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап чыккан. Бирок декабрда Конституциялык сот өлүм жазасы Башмыйзамга ылайык келбейт деген бүтүм чыгарган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















