super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырды

 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын билдирди.

Ал эч бир саясий оюндарга катышпаганын, быйыл президенттик шайлоону өткөрүүнү демилгелеген 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун белгиледи. Мурунку спикер мандатын ден соолугуна байланыштуу тапшырганын тактады.

"Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет.
Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмдөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Айта кетсек, Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында парламенттеги төрагалык кызматын тапшырып берип, депутат катары ишин улантарын билдирген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: