super.kg logo

Түштүк Кореянын мурдагы президенти өмүр бою эркинен ажыратылды 

 

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл өлкөдө согуш абалын киргизүү аракети үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Сеул шаарынын соту чыгарган. Сот мурунку президентти 2024-жылдын декабрында өлкөдө аскердик абал киргизүү менен байланышкан аракеттери үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Юн Сок Ёл 2024-жылдын 3-декабрында парламенттеги оппозициялык партиялар менен курч пикир келишпестиктердин фонунда аскердик абал киргизген. Оппозиция менен бийлик келерки жылдын бюджетин кабыл алуу боюнча мунасага келе албай, мындан тышкары, бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлерге импичмент жарыялоо демилгелери көтөрүлгөн.

Белгилей кетсек, Юн Сок Ёлго 2024-жылдын декабрь айында импичмент жарыяланган. Бирок сот аны камакка алуу ордери чыккандан кийин 2025-жылдын апрель айында расмий түрдө күчүндө калтырган. Бул Түштүк Кореяда иштеп жаткан президенттин биринчи жолу камакка алынышы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: