super.kg logo

Өлкөдө ЖРТга каттоо жүрүүдө. Талап кылынган документтер, убактысы

 

Илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо үчүн керектүү документтер топтому, каттоо акысы, ЖРТга бул жылы кошулган жаңы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылабыз.

Жалпы республикалык тестирлөө – бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен абитуриенттер өлкөнүн жогорку окуу жайларына бюджеттик жана келишим негизинде тапшыра алышат.

ЖРТга каттоодон өтүү үчүн керектелүүчү документтер:

  • Паспорт;
  • Орто билим жөнүндөгү аттестат же орто билимди тастыктаган диплом (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
  • ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция, азыр бул бардык электрондук капчыктарда жеткиликтүү);
  • Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт (акыркы 6 ай ичинде тартылган).

Каттоо акысы:

  • Негизги тесттин акысы – 470 сом,
  • Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 470 сом,
  • Ар бир предметтик (ангис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты) тесттин акысы – 470 сом.

Маанилүү: Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева "буга чейинки 3 жылда мамлекеттик тил боюнча тесттин баасы пилоттук негизде 200 сом болгон. Эми ал дагы 470 сом болот",- деди.

Каттоо кайда жүргүзүлөт?

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү Э-күндөлүк аркылуу каттоодон өтө алышат. Мурдагы жылкы бүтүрүүчүлөр болсо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун атайын электрондук платформасынан өтсө болот.

"Эски режимди дагы калтырдык. Айрым абитуриенттер платформага кире албай, кээ бирлеринин колунда документтердин толук топтому болбой калса, алар райондук билим берүү башкармалыгына же мектептеги мугалимге кайрылса, алар жардам беришет",- деди Батракеева.

Негизги тесттин түзүлүшү:

  • Математика;
  • Сөздүк-логикалык тест;
  • Окшоштуктар;
  • Сүйлөмдөрдү толуктоо;
  • Окуу жана түшүнүү;
  • Эне тилинин практикалык грамматикасы.

Тест күнү паспорттун туп нускасы керек

ЖРТга паспорттун түп нускасы керек. Ал эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу кирүүгө болбойт. Анткени тестирлөө учурунда телефон колдонууга тыюу салынган.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2026-2028-жылдары ЖРТны Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору өткөрөт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: