super.kg logo

Маданият министрлиги TikTok тиркемесин бөгөттөн чыгарууну сунуштады 

 

Маданият министрлиги TikTok социалдык тармагын бөгөттөн чыгарууну сунуштады. Бүгүн, 19-февралда министрликтин жыйынында маданият министринин орун басары Марат Тагаев аталган тиркемени бөгөттөө чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирген.

Анын айтымында, өлкөдө аталган социалдык тармак бөгөттөлгөн, бирок ага карабастан VPN аркылуу колдонгондор бар.

"Кечээ депутаттар Кыргызстанда тыюу салынган айрым платформалар жана социалдык тармактар ​​тууралуу айтышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда TikTok бөгөттөлгөнүнө карабастан, жаштарыбыз жана жалпы жарандарыбыз бул платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат. ТикТокту бөгөттөн чыгаруу боюнча биздин министрликтин сунушун карап чыгууну суранабыз",- деген ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев TikTok тиркемесин бөгөттөн чыгарууну сунуштаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: