УКМКнын Оштогу башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңы жетекчиси болуп Жоомарт Токтогулов дайындалды. Бул тууралуу 19-февралда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине Токтогуловду тааныштырган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматта Салмоорбек Жумабеков иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2026-02-19
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















