super.kg logo

Макрондун сөзү эл аралык деңгээлде резонанс жаратты

 

Норвегиянын түштүк-чыгыш университетинин профессору Гленн Дизен Франция президенти Эммануэль Макрондун сөз эркиндиги тууралуу айткан билдирүүсүнө нааразы болду. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Профессордун айтымында, Батыш коомдорунун негизги баалуулуктары — сөз эркиндиги, жамааттык жазага жол бербөө, мыйзам үстөмдүгү, башка пикирге сабырдуулук жана дипломатияга ишеним — алсыз пайдубалга курулгандай таасир калтырууда.

Буга чейин Макрон сөз эркиндигин “болбогон бир кеп” деп атап, айрым экстремисттик саясий күчтөр аны коомдук аң-сезимди бурмалоо үчүн колдонуп жатканын билдирген.

Бул билдирүүгө Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да реакция кылып, француз лидерин “агынан жарылуунун жеке рейтингине” кошконун айткан. Анын сөзүнө караганда, бул рейтингде биринчи орунду Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана Франциянын экс-президенти Франсуа Олланд Минск келишимдерин аткаруу ниети болбогонун билдирген билдирүүлөрү ээлейт.

Захарова ошондой эле экинчи орунду орусиялык ырчы Алла Пугачёванын жеке жашоосу тууралуу айткандары алганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: