Вице-спикер болгон Болот Ибрагимовдун өмүр баяны
Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Болот Ибрагимов парламент төрагасынын орун басары болуп шайланды. Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 69 эл өкүлүн 53ү "макул" деген добуш беришсе, 16сы "каршы" беришкен.
Вице-спикердин өмүр баяны:
Болот Ибрагимов 1989-жылы 11-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими
2007-жылы "Ала-Тоо" Эл аралык университетине Дүйнөлүк экономика адистиги боюнча окууга тапшырган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Жаңы маалыматтык технологиялар институтуна маалыматтык технологиялар факультетине которулуп, 2014-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу
Ал эмгек жолун 2015-жылы маалыматтык технологиялар тармагында баштап, 2021-жылга чейин ушул тармакта иштеген.
2021-2025-жылдары "ЭлКат" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси кызматын аркалаган.
2024-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, кийинчерээк Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери кызматын ээлеген.
"SAFARI" коомдук долбоорунун негиздөөчүсү болуп саналат. Долбоор жарандык көзөмөлдү өнүктүрүүгө жана негизинен жол кыймылынын коопсуздугуна байланышкан маселелерди чагылдырууга багытталган.
Активдүү жарандык позициясы жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ар кандай түзүмдөрү тарабынан укук коргоо органдарына көмөк көрсөткөндүгү жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн Ардак грамоталар, медалдар жана ыраазычылык каттар менен сыйланган.
Ошондой эле президенттин коомдук негизде кеңешчиси болуп иштеген.
2025-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңешке №22 шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Эскерте кетсек, Ибрагимов парламенттин бүгүнкү отурумунда вице-спикерлик кызматын тапшырып берген Карим Ханджезанын ордуна келди. Дагы белгилей кетүүчү жагдай, ушул жыйында Болот Ибрагимовдун "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулганы жарыяланган.
кошулду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















