Комитет төрагасы болгон Бактыяр Калпаевдин өмүр баяны
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев парламенттин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Өмүр баяны
1993-жылдын 9-июлунда Баткен облусунун Баткен шаарында туулган.
2011 - жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Юридикалык колледжин, 2014-жылы ошол эле окуу жайдын Сот-прокурор факультетин аяктаган.
Эмгек жолу
2011 – жылдын февраль айынан тарта 2014-жылдын июль айына чейин «Жаштилек» ЖЧКда юрист;
2014-жылдын июль айынан тарта 2015-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана меллиорация министрлигинин Юридикалык бөлүмүндө адис;
2016-жылдын январынан тартып ошол эле жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервтер фондусунун Юридикалык бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2016-2018-ж.ж. «Партнер» юридикалык компаниясы» ЖЧКда директор;
2022-2024-ж.ж. «Бак-Строй-Талас» ЖЧКда башкы директор;
2023-жылдын 20-мартынан тарта 2024-жылдын 5-майына чейин «Комфорт Хаус» курулуш компаниясы» ЖЧКда башкы директор;
2024-жылы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жогорку Кеңештеги «Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү
Үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















