Жарандык паспортту алмаштыруу эми Түндүк аркылуу онлайн жүргүзүлөт (видео)
Жарандык паспортту алмаштыруу эми Түндүк аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу 19-февралда Кызмат мамлекеттик мекемесинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2020-жылдан берки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алмаштыруу боюнча арызды Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Даярдоо мөөнөтү 18 жумуш күнү. Арыз төмөнкү учурларда берилет:
- колдонуу мөөнөтү бүткөндө
- жеке маалыматтар өзгөргөндө
- документ жараксыз болгондо
- паспорт жоголгондо
Фамилия, аты-жөнүнүн латынча жазылышын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да бар.
- Атасынын аты боюнча:
- жалпы жарандык паспортто — жарандын каалоосу менен
- ID-картада — милдеттүү (эгер бар болсо)
Сүрөт ИКАО стандарттарына ылайык болушу керек: ак фондо, 35×45 мм, нейтралдуу жүз, 6 айдан ашпаган.
- телефондон жүктөөгө
- тиркемеде тартууга
- КТБдан штрих-код аркылуу жүктөөгө болот (КТБда акысыз)
Ошондой эле иштеп жаткан электрондук булуттуу кол тамга керек (аны Түндүк тиркемесиндеги Жеке кабинеттен текшерүүгө болот).
Жарандык паспортту алмаштыруу эми Түндүк аркылуу онлайн жүргүзүлөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















