super.kg logo

Британиянын мурдагы ханзаадасы Эндрю Эпштейн менен байланышы болгон үчүн камакка алынды

 

Бейшемби күнү Улуу Британиянын падышасы Карл IIIтүн иниси, мурдагы ханзада Эндрю Маунтбет чуулгандуу америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы болгон үчүн камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кармоо кечээ, 18-февралда өзү жашаган Сандрингем сарайынын аймагында болгон.

Февралдын башында Эпштейндин ишине байланыштуу жарыяланган документтерде аты аталган британиялык жогорку даражалуу аткаминерлерге жаңы айыптарды иликтөө үчүн атайын координациялык топ түзүлгөн. Бул документтерде Эндрю жашыруун материалдарды Эпштейнге өткөрүп бергени көрсөтүлгөн. Ханзада Эпштейн менен мурда жакын мамиледе болгону белгилүү.

Ал эми Эндрю Маунтбет буга чейин бир нече жолу ага коюлган айыптардын баарын четке каккан. Учурда анын башка аймактардагы үйлөрүндө дагы тинтүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин Эндрю Маунтбет Эпштейн менен байланышы болгон үчүн бардык титулдарынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: