super.kg logo

Кыргызстан менен ЕККУ кызматташууну бекемдейт

 

Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда үстүбүздөгү жылга карата кызматташуу пландары, ошондой эле Кыргызстандын аймактарында тоо темасы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстандын тоолуу аймактарына комплекстүү изилдөө жүргүзүү, маалыматтарды санариптештирүү, илимий потенциалды чыңдоо багыттарына өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, 2026-жылы тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иш-чараларды координациялоо маселеси каралды.

Анын ичинде 2027-жылдын октябрь айында Экинчи Бишкек Глобалдык Тоо Саммитин өткөрүү планы да талкуунун негизги темаларынын бири болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын ырастап, тоо тематикасын глобалдык климаттык процесстерде институционалдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: