Чүйдө жол боюндагы 12 мыйзамсыз соода жайы алынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы, ошондой эле Шаар куруу жана архитектура департаменти жана Москва районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аймакты иретке келтирүү иш-чараларын өткөрдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 17–18–19-февраль күндөрү Бишкек–Кара-Балта автоунаа жолунун Москва районундагы тилкесинде мыйзамсыз деп табылган 12 убактылуу соода жайы жана жеңил типтеги курулуш объекттери демонтаждалды.
Маалыматка ылайык, бир жума мурда объект ээлерине аймакты бошотуу жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилген. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшүн жана сапатын көзөмөлдөө мындан ары да туруктуу негизде улантарын билдирди. Мекеме курулуш тармагындагы субъекттерди талаптарды жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















