Салтанат Аманова министрликтин коллегиясында тармактык маселелерди көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Салтанат Аманова Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коллегиянын жүрүшүндө министрликтин 2025-жылы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, 2026-жылга карата пландалган иш-чаралар, артыкчылыктуу багыттар жана стратегиялык максаттар кеңири талкууланды. Ошондой эле тармактагы жетишкендиктер менен катар чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана аларды жоюунун мүмкүн болгон жолдору талдоого алынды.
Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Салтанат Аманова маданият тармагынын коомдун руханий өнүгүүсүндөгү ордун баса белгилеп, чыгармачыл инсандардын эмгеги ар дайым колдоого муктаж экенин айтты. Ал маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, аймактардагы маданий демилгелерди активдүү колдоо жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.
Депутат ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлиги маданият жана жаштар саясаты багытындагы демилгелерди колдоого ар дайым даяр экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















