Эл өкүлү жаш стипендианттар менен ачык диалог өткөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Конрад Аденауэр фондунун стипендианттары менен жолугушуп, аларды Кыргыз Республикасынын парламентинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага фонддун Борбор Азиядагы өкүлү Андре Алгермиссен, Өзбекстан Жаштар парламентинин өкүлдөрү Собитов Отабекхужа Юлдош Угли жана Аликулов Ашраф катышты.
Жолугушуунун алкагында катышуучуларга кыргыз парламентинин түзүмү, мыйзам чыгаруу процесси, комитеттердин ишмердүүлүгү жана депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары депутат Нилуфар Алимжанова делегация менен ачык форматта баарлашуу жүргүзүп, парламенттик дипломатияны өнүктүрүү, жаштардын мыйзам чыгаруу жараянына активдүү катышуусу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерине токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, парламенттин иши жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча кеңири жоопторду алышты. Катышуучулар мындай жолугушуулар жаштардын жарандык активдүүлүгүн арттырууга жана мамлекеттик башкаруу системасы тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















