super.kg logo

Кыргызстандын аялдар саясаты эл аралык деңгээлде жогору бааланды

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү түзүмү Аткаруу кеңешинин биринчи сессиясында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү Вице-президент катары гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана уюмдун мандатын натыйжалуу ишке ашырууга бекем берилгендигин билдирди. Бул багыттагы аракеттер, анын ичинде «БУУ-80» демилгесинин алкагында жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Бул тууралуу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Кыргыз Республикасы улуттук деңгээлде жетишилген маанилүү жыйынтыктарды сунуштады. Маалыматка ылайык, аялдар жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 42 пайызын, ал эми Жогорку Кеңештеги орундардын 33 пайызын ээлеп келет.

Ошондой эле өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча мыйзамдык база чыңдалганы, айрыкча айыл жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик жана социалдык программалардын масштабы кеңейгени айтылды.

Кыргыз Республикасы мындан ары да «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» күн тартибин илгерилетүүгө, ошондой эле Борбор Азия аймагында гендердик маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө активдүү салым кошо турганын ырастады.

Мындан тышкары БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алдында Кыргызстан Пекин аракеттер платформасын ишке ашырууну тездетүүгө жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүдө өлчөнө турган, натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүүгө болгон милдеттенмесин дагы бир жолу белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: