super.kg logo

Актөбөдө Qarakesek каймана аты менен таанымал рэперге өкүм чыкты

 

Казакстандын Актөбө шаарында 31 жаштагы рэпер Омар Аманбаев, сахналык Qarakesek каймана аты менен белгилүү, психотроптук затты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, соттогу акыркы сөзүндө артист күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, кечирим сурап, эркинен ажыратпоо өтүнүчүн билдирди. Ал айып пул салуу же коомдук иштерге тартуу, ошондой эле дарылануудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү сунуштаган.

Соттун чечими менен Омар Аманбаев сатуу максатын көздөбөстөн психотроптук затты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн 100 саат коомдук иштерге тартылып, баңгизатка көз карандылыктан мажбурлап дарыланууга жөнөтүлдү.

Соттун маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 30-августунда болгон. Ал күнү Аманбаев унаа башкаруу учурунда баңгизаттын таасиринде экени аныкталып, текшерүү маалында анын жанынан 0,26 грамм психотроптук зат табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: