Токаев Газадагы Тынчтык кеңешине каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Вашингтондо өткөн жыйында Казакстан Газадагы Тынчтык кеңешине ири суммадагы каражатты тез арада бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, бул алгачкы кадам катары каралып, каражат түздөн-түз Тынчтык кеңешине багытталат.
Мындан тышкары Казакстан дүйнөдөгү ири буудай өндүрүүчүлөрдүн бири катары Газа секторуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана аймактагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого даяр экенин белгиледи.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун калыбына келтирүү жана башкаруу үчүн Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн жарыялаган. Анын администрациясы кеңештин ишине катышуу үчүн 50гө жакын мамлекеттин башчыларына чакыруу жөнөткөн. Чакырылгандардын катарында ар кайсы аймактардан — Австралиядан тартып Японияга чейин — өлкөлөр бар. Тизмеде Орусия жана Украина да көрсөтүлгөн.
Тынчтык кеңешинин алгачкы жыйыны бейшемби күнү Вашингтондо өтүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















