Түркияда жасалчу операция үчүн Камчыбекке жардам керек
SUPER.KG порталына жардам сурап Камчыбек Назирбаев аттуу жаран кайрылды. Учурда анын эки бөйрөгү тең иштебей, өмүрүн сактап калуу үчүн бөйрөк алмаштыруу операциясын жасатуу зарыл болууда.
Буга чейин ал бир жолу бөйрөк алмаштыруу операциясынан өткөн. Ал операция Пакистанда, өз каражатынын эсебинен жасалып, бир тууган агасы донор болгон. Тилекке каршы, азыр агасынан алынган донордук бөйрөк да иштен чыгып, дарыгерлер тез арада кайра операция жасоо керек деген жыйынтыкка келишкен.
Учурда экинчи ирет операция жасоого донор даяр, бардык медициналык жана юридикалык документтер толугу менен даяр. Бирок бул жолу операцияны Түркия мамлекетинде жасоо талап кылынууда. Анткени экинчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жогорку деңгээлдеги медициналык шартты талап кылат.
Операциянын жалпы баасы 35 миң АКШ долларын түзөт.
Камчыбектин жашоо шарты өтө оор. Анын 5 баласы бар, алардын баары жашы жете элек. Үй-бүлөнүн жалгыз тирекчеси болгондуктан, бул оор сыноодо ал элдин жардамына муктаж.
"Кайрымдуу, боорукер адамдардан жардам сурайбыз. Ар бир кол сунулган жардам Камчыбектин өмүрүн сактап калууга чоң салым болот", - деп жазылган маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















