super.kg logo

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, У.Т. аттуу жаран 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын февраль айына чейинки мезгилде Х.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен Горький көчөсүндө жайгашкан Нова Сити турак жай комплексинен батир сатып беребиз деген шылтоо менен андан 284 миң 267 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып, ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1980-жылы туулган У.Т. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүүнүн ушуга окшош башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: