Бишкекте базарларда эттин баасын көзөмөлдөө башталат
Бишкектин төрт районунун башчыларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте социалдык маанидеги азыктардын баасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 19-февралда калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жыйында Свердлов жана Ленин райондорунун башчыларына "Ош базары" жана "Аламүдүн базары" соода комплекстеринин аймагындагы дүң эт базарларынын ишин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.
Мындан тышкары, Жунушалиев 22-февралда Ала-Тоо аянтында өтө турган майрамдык иш-чара учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарына бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















