Бишкекте жол тыгындарын азайтуу боюнча эксперттик жолугушуу өттү
Кечээ, 19-февралында Туңгуч театрынын имаратында Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун ачылышында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышуучуларга демилгелери жана ачык диалогго даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Так ушул биргелешкен аракеттер менен гана биз Бишкек шаарынын аймагындагы жол тыгындары маселесин чече алабыз. Бүгүнкү күндө биз, биринчи кезекте, өз милдеттерибизди аткарууга - жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, акылдуу светофор системин түзүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырууга багыт алуудабыз. Алгач ушул маселелерди чечебиз. Бишкек шаарынын мэриясы бул багыттагы ишин улантып, ачык диалогго даяр экенин дагы бир жолу билдирет. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат",- деп белгиледи мэр.
Жолугушуунун алкагында аналитикалык сессия жана панелдик талкуу өткөрүлүп, тыгындарды азайтуу боюнча комплекстүү чаралар талкууланды. Коомдук уюмдардын, блогерлердин, транспорт компанияларынын жана көз карандысыз эксперттердин сунуштары угулду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















