super.kg logo

Япония Кыргызстандагы 17 миң фермерге колдоо көрсөтөт

 
Япония Кыргызстандагы 17 миң фермерге колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу 20-февралда Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү долбоорго кол коюу аземине министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай катышты.
"Бул демилге биздин айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарба кооперативдерин чыңдоо боюнча улуттук өнүгүү багыттырын толуктайт. Натыйжада фермерлердин туруктуулугу жогорулайт",- деп билдирди министрдин орун басары. Япония өкмөтүнүн 4,5 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылоосу менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 миң чакан фермерге колдоо көрсөтүлмөкчү. "Япония Кыргызстандагы айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн демилгени маанилүү деп эсептейт",- деди Япониянын Кыргызстандагы элчиси.
Долбоор Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин(JICA) техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, кластерлердин негизинде мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү боюнча министрликтин башкы планына өз салымын кошмокчу. Бул демилге дыйкандарды:
  • Жогорку сапаттагы көчөттөр;
  • Тамчылатып сугаруу системи менен жабдылган климаттык шарттарга туруктуу күнөскана инфраструктурасы;
  • Суу резервуарлары;
  • Органикалык компостторду өндүрүүчү жайлары;
  • Түшүм жыйноодон кийинки жоготууларды азайтуу үчүн чакан сактоочу жайлары менен камсыз кылат.
Ошондой эле фермерлерге төмөнкү окуттулар өткөрүлөт:
  • Айыл чарбасын жүргүзүүдө климаттык шарттарды эске алуу;
  • Түшүм жыйноодон кийинки башкаруу;
  • Кооперативдерди жана финансыларды башкаруу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: