Трамп мурдагы ханзада Эндрюнун камакка алынышын маскарачылык деп атады
АКШнын президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын падышасы Карл III'нүн иниси, мурдагы ханзада Эндрю Маунтбеттин Жеффри Эпштейн менен байланышы болгон үчүн камакка алынышын маскарачылык деп атады.
"Мен окуяны укканда аябай капа болдум. Менин оюмча, бул падышалык үй-бүлө үчүн маскарачылык. Абдан өкүнүчтүү",- деп жооп берген Трамп журналисттер мурдагы ханзаданын кармалышы боюнча комментарий сураганда.
Ошондой эле америкалык лидер Улуу Британия падышасынын АКШга сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, чет элдик басылмалар 18-февралда мурдагы ханзада Эндрю өзү жашаган Сандрингем сарайында кармалганын жазышкан. Ага чуулгандуу америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен байланышы болгон жана жашыруун материалдарды Эпштейнге өткөрүп берген деген айыптар коюлган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















