super.kg logo

Эпштейндин иши боюнча кармалган Улуу Британиянын экс-ханзаадасы сурактан кийин бошотулду 

 

Улуу Британиянын падышасы Карл III'нүн кичүү иниси, ханзаада Эндрю Маунтбеттен-Виндзор 19-февралда америкалык финансист Жеффри Эпштейн менен болгон байланышы боюнча иликтөөнүн алкагында кармалган соң, 12 сааттык сурактан кийин полиция бөлүмүнөн бошотулду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар кабарлашты.

Полиция 66 жаштагы мурдагы падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү мамлекеттик кызматтагы ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга шектелип кармалганын, бирок кийин иликтөө жүрүп жаткандыгына байланыштырып бошоткон. Мындай макам расмий айып тагыла электигин, бирок тергөө уланып жатканын билдирет.

ЖМКлардын маалыматына караганда, тергөө 2010-жылы Эндрю Жеффри Эпштейнге соодага байланыштуу отчётторду жөнөткөн болушу мүмкүн деген маалыматты текшерүүдө. Текшерүүгө АКШдагы Эпштейн ишинин алкагында чогултулган ири көлөмдөгү документтердин жарыяланышы негиз болгон.

Укук коргоо органдары мурдагы ханзааданы расмий кызматтарды аркалап турган мезгилде кызматтык абалынан кыянат пайдаланган деп шектенишүүдө. Маунтбеттен-Виндзор буга чейин бир нече жолу мыйзам бузуу боюнча айыптоолорду четке кагып, Эпштейн менен болгон достугу үчүн өкүнөрүн билдирген.

Эндрю Эпштейнге байланышкан чырдан кийин падышалык титулдарынан жана расмий милдеттеринен ажыратылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: