Өлкөдө катализаторлорду сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды
Министрлер кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим автомобилдерден чыккан газдар менен атмосферанын булганышын азайтуу аркылуу адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатын көздөйт.
"Катализатор унаанын газ чыгаруу системине кирген эң кымбат элементтердин бири болуп саналат, анын баасы унаанын наркынын 13 пайызына жетет. Ушуга байланыштуу рынокто автомобилдин ушул элементинин эсебинен жакшы киреше алуу максатында кайра сатуу үчүн катализаторлорду ыктыярдуу алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөн",- деп айтылат өкмөттүн расмий билдирүүсүндө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















