Жаркынай Нурлан кызы: "Олимпиада чемпиону болуу - менин кыялым эмес, максатым"
Кыргызстан акыркы жылдары аялдар эркин күрөшүндө дүйнөлүк деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына кошулду. Олимпиада медалисттери, дүйнө жана Азия чемпиондору чыккан систем бүгүн да жаңы муунду тарбиялап жатат. Ошол муундун эң үмүттүү өкүлдөрүнүн бири - Жаркынай Нурлан кызы.
Жаш курагына карабастан, ал 2017-жылдан бери Кыргызстандын улуттук курама командасында. Бул жөн гана факт эмес - бул жогорку атаандаштык шартында өткөн тандоонун жыйынтыгы. Кыргызстанда күрөш эң приоритеттүү спорттун бири болуп саналат. Ар бир салмак категориясында бир нече күчтүү спортчу бар, ал эми улуттук курамда орун чектелүү. Мындай системде бир нече жыл бою туруктуу мүчө болуу - спортчунун деңгээлин айкын көрсөтөт.
2022-жыл Жаркынай үчүн эл аралык аренадагы жемиштүү жыл болду. Июнь айында Бишкекте өткөн U17 Азия чемпионатында ал коло медаль утуп, Азия аймагындагы күчтүү атаандаштыкта өзүнүн туруктуулугун көрсөттү. Азия - аялдар күрөшүнүн эң күчтүү аймактарынын бири. Япония, Индия, Монголия, Кытай, Казакстан сыяктуу өлкөлөр дүйнө чемпиондорун тарбиялаган мектептерге ээ. Мындай шартта байгелүү орун алуу - жогорку тактикалык жана физикалык даярдыкты талап кылат.
Бир айдан кийин Римде өткөн U17 дүйнө чемпионатында 65 кг салмакта коло медаль утушу. Бул эл аралык статусун бекемдеген чечүүчү кадам болду. Дүйнө чемпионатына ар бир өлкөдөн эң мыкты спортчу гана катышат. Жаркынай бул мелдеште Түркия жана Индия өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда дүйнөлүк деңгээлдеги япон спортчусу менен минималдуу айырмада күрөш өткөрдү. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште америкалык атаандашын 7:0 эсебинде утуп, дүйнөлүк пьедесталга көтөрүлдү. Бул жыйынтык кокустук эмес, туруктуу өсүштүн көрсөткүчү болду.
Жаркынайдын күрөш стили адистер тарабынан тактикалык ой жүгүртүүсү, чыдамкайлыгы жана психологиялык туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Ал ар бир мелдешке системалуу даярданып, атаандаштын стилин талдоого өзгөчө көңүл бурат.
2025-жылы Жаркынай "спорт чебери" наамына татыды. Бул наам мамлекет тарабынан берилген жогорку баа болуп саналат жана туруктуу эл аралык жыйынтыктарсыз ыйгарылбайт. Жаш курагына салыштырмалуу бул чоң жетишкендик.
Жаркынай Нурлан кызы 2005-жылдын 5-ноябрында Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2013-жылдан бери эркин күрөш менен машыгат. Ал Италия, Орусия, Казакстан, Венгрия, Беларус, Түркия, Иордания жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келет.
Кыргызстандын Күрөш федерациясы аны улуттук курама команданын расмий мүчөсү катары тастыктап, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышканын белгилейт. Бул анын өлкөдөгү өз салмагындагы мыкты спортчулардын бири экенин ырастайт.
Бүгүн Жаркынай Нурлан кызы - кыргыз кыз-келиндер күрөшүнүн жаңы доорунун өкүлү. Ал туруктуу эл аралык жыйынтык көрсөтүп келе жаткан, улуттук систем тарабынан тандалып алынган жана мамлекет тарабынан жогорку наам менен бааланган спортчу.
Адистердин пикиринде, анын физикалык даярдыгы, техникалык деңгээли жана спорттук мүнөзү аны жакынкы жылдары дүйнөлүк жана олимпиадалык чемпиондордун катарына кошо алат.
Кыргызстан аялдар күрөшүндө жаңы ийгиликтерди күтүп жаткан учурда, Жаркынай Нурлан кызы ошол үмүттү актаган спортчулардын катарына кирет.
- Жаркынай, 2017-жылы курама командага кошулганыңыз сиз үчүн эмнени өзгөрттү?
- Ал кезде мен 12 жашта болчумун. Курама командага кирүү оңой болгон жок. Республикалык мелдештерде дайыма жеңишке жетиш керек болчу. Бирок ошол учур мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Улуттук курамада машыгуу - башка деңгээл. Ал жерде ар бир күн атаандаштык.
Кыргызстан чоң өлкөлөрдөн болбосо да, күрөш боюнча дүйнөлүк аренада таанылган өлкө. Олимпиада медалисттери, дүйнө чемпиондору чыккан системде орун алуу - бул өзүнчө жетишкендик.
2023-2024-жылдары Жаркынай эл аралык турнирлерде тажрыйба топтоону улантты. 2024-жылы Красноярск шаарында өткөн атактуу "Иван Ярыгин" эл аралык турниринде 62 килограмм салмакта коло медаль утушу анын улуулар арасында да атаандаша аларын көрсөттү. Бул турнир дүйнөдөгү эң күчтүү ачык мелдештердин бири болуп саналат жана анда Олимпиада жана дүйнө чемпиондору катышат.
- "Иван Ярыгин" турнириндеги медаль сиз үчүн кандай мааниге ээ болду?
- Бул мелдеште улуулар менен күрөштүм. Ошондо мен өзүмө ишендим. Мен дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулар менен тең тайлаша алам деген ишеним пайда болду.
Бүгүн мен улуттук курама командасынын машыктыруучулары Нурбек Изабеков жана Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында машыгып келем. Ошондой эле дүйнөлүк жана олимпиадалык деңгээлдеги спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова менен бир залда машыгам.
- Алар менен машыгуу сизге кандай таасир берет?
— Алардын тартиби, машыгууга болгон мамилеси, жоопкерчилиги мага чоң үлгү. Ошол эле учурда мен да жаш спортчуларга тажрыйбамды бөлүшүүгө аракет кылам. Курама командада муундардын байланышы абдан маанилүү.
— Сиздин эң чоң максатыңыз?
— Олимпиада чемпиону болуу. Бул менин кыялым эмес, бул менин алдымдагы конкреттүү максат. Мен дүйнөнүн эң күчтүү балбандары менен күрөшүүгө даярмын. Кыргызстандын туусун эң жогорку тепкичке көтөргүм келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















