super.kg logo

Улуу Британиянын падышасы иниси Эндрюнун кармалышы тууралуу биринчи жолу үн катты 

 

Улуу Британиянын падышасы Карл III иниси, мурдагы ханзаада Эндрю Маунтбеттен-Виндзордун кармалышы боюнча алгачкы жолу үн катты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда монарх толук иликтөөнүн зарылдыгын белгилеп, хан сарай тергөөгө тоскоол болбой турганын билдирген.

"Мен Эндрю Маунтбеттен-Виндзорду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу укканда аябай өкүндүм. Бул маселе боюнча тийиштүү органдар тарабынан толук, адилет иликтөө жүрүп жатат. Таза иликтөө жүрөрүнө ишене алышат",- деген Карл III.

Мурдагы ханзааданы 19-февралда полиция кармап кеткен. Ал америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн менен болгон байланышы боюнча тергөөнүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бирок 12 сааттык сурактан кийин полиция бөлүмү аны бошоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: