Ош шаарында инвестиция тартуу артка кеткенби? Жанар Акаев комментарий берди
Ош шаарында бизнес кылам, ишкердик ачам дегендер кескин азайды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев сатуучулар менен болгон жолугушууда билдирди.
Мэр Ош шаары инвестиция тартууда 44 пайыз артка кеткени боюнча министрлер кабинетинин билдирүүсүнө шилтеме берди. Ал ишкерлерге кайрылуу жасап, аларга басым болбой турганын түшүндүрөрүн белгиледи.
"Ошко келип акча салам, бизнес кылам дегендер кескин азайып кеткен. Ошонун бардыгын биз азыр калыбына келтирип, бүгүн мен ишкерлерге кайрылуу жасайм. Ишкерлерди коргоп беребиз деп өлкөнүн бардык аймактарынан, коңшу өлкөлөрдөн чакырабыз. Азыр бардык мэриянын кызматкерлерине "Ишкерлерге адамча мамиле кылгыла, алардын үнүн уккула" деп жатам. Маселеден качып кете бергенден ал нерсе жылдап чечилбей жүрө берет",- деди калаа башчысы.
Акаев ошондой эле күч түзүмдөрү, муниципалдык кызматтын жетекчилери менен ишкерлерге жагымдуу маанай түзүп берүү боюнча сүйлөшкөнүн кошумчалады.
Ош шаарында инвестиция тартуу артка кеткенби?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















