super.kg logo

Эпштейнге Украинадан 400гө жакын кыз сунушталганы айтылды 

 

Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөн америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин агенттеринин бири ага 400дөй кызды Украинадан сунуштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мындай маалымат АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерде көрсөтүлгөн. Анда 2012-жылдын 10-октябрында электрондук катка аты жашырылган жөнөтүүчү Украинадагы моделдик агенттиктер менен байланышы бар, финансистке моделдерди берүүгө даяр болгон аял тууралуу жазылган. Билдирүүдө Киевдеги моделдик агенттиктеринен 400гө жакын модель кыздар даярдалганы маалымдалган.

Материалда L-Models агенттигинин аты аталган. Бирок дагы бир канча агенттиктердин аты көмүскө аттар менен белгиленген.

Маалымат үчүн:

2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: